Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки министрдин отставкасын кабыл алды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки министрдин отставкасын кабыл алды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки министрдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков кол койгон жарлыктарга ылайык, айыл чарба, тамаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жана экономика министри Олег Панкратов кызматтарынан бошотулушту.

Өткөн аптада 24-майда аталган эки чиновник кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан. Мурашев ден соолукка байланыштуу десе, Панкратов көптөгөн сындардан улам деп түшүндүргөн.